Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

«Коопсуз шаар»: автоунаа ээлерине каттар жеткириле баштады (видео)


«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек шаары.
«Коопсуз шаар» долбоорунун камералары. Бишкек шаары.

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында камераларга тартылып калган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча автоунаа ээлерине кат-кабарлар жеткириле баштады. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди.

Оторов «Фейсбуктагы» баракчасына эреже бузуу менен кошо айыппул жазылган кат бустун ээсине берилип жатканы көрсөтүлгөн видеону да жайгаштырды. Видеодо почта кызматкери менен кошо жол тескөөчү да айдоочу менен баарлашып жатканы тартылган.

12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.

Айрым оңдоп-түзөөлөргө байланыштуу 4-мартка чейин катталган 20 миңдей эреже бузуунун айыппулу кечилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG