Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 16:30

Президент айрым соттордун чечимдерин сынга алды


Сооронбай Жээнбеков.

Калыс сот системасын орнотмоюнча өнүккөн мамлекет курулбайт. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте соттор менен жолугушуу учурунда ушундай пикирин билдирди.

«Соттук реформаны ишке ашырыш үчүн каражат жана саясий эрк керек экендиги айтылган. Саясий эрк бар, каражатты да көбөйтүп жатабыз. Сот тутумуна бөлүнгөн каражат жыл сайын көбөйүп жатат. Башка тармакта иштеген мугалимдерге, дарыгерлерге да акча керек. Алардын айлыгын көтөрүш үчүн инвесторлорду тартыш керек. Инвесторлорду тартыш үчүн калыс сот бийлиги болуш керек. Бирок сот тутумуна бөлүнгөн каражатка жараша кайра ошондой кайтарым болбой жатат. Мен баарыңарды жаман дегенден алысмын. Бирок араңарда «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендер бар. Кээ бир судьялар чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлкүн тартып алуу боюнча чечимдерди чыгарган. Ушундай чечимдер ички инвесторлор боюнча да чыккан», - деди президент.

Мамлекет башчы кээ бир соттор бир эле чечим менен бүтүндөй бир системаны талкалап жатканын, айрым иштер он жылдап каралып жатканын сынга алды. Ал мындай дооматтардан кутулуш үчүн «сот системасына көлөкө түшүргөн судьялардан арылуу зарыл» экенин айтты.

Соттор менен президенттин жолугушуусу Бишкекте мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Ага ар кайсы инстанциялардан 400гө жакын судьялар катышууда. (BTo\ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG