Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:18

«Кырк чоро» Бишкек мэринин кызматтан кетишин талап кылды


Замирбек Көчөрбаев жана активист Аманбол Бабакулов Бишкек мэриясынын алдында журналисттер менен. 11-март, 2019-жыл.
Замирбек Көчөрбаев жана активист Аманбол Бабакулов Бишкек мэриясынын алдында журналисттер менен. 11-март, 2019-жыл.

«Кырк чоро» деген аталыш менен таанылган «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмеси баш калаанын мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылган митингин утурлай Бишкек шаардык мэриясынын алдында түшүндүрмө беришти. Алар шаар бийлигин 8-марттагы жүрүшкө уруксат бергени үчүн күнөөлөп, талаптары жазылган катты мэрияга тапшырышты.

Уюмдун жетекчиси Замирбек Көчөрбаев жана активист Аманбол Бабакулов түшүндүргөндөй, алар 13-мартта Бишкекте митинг жана жөө жүрүш өткөрүшөт.

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев активисттер менен жолугушуп, «эгер укук коргоо органдары 8-марттагы жүрүшкө уруксат берүү мыйзамсыз деп тапса, шаар башчысы кызматтан кетүүгө даяр экенин» айтты.

Мунун алдында мэр Азиз Суракматов 24.kg агенттигине маселе боюнча берген комментарийинде «Конституцияга ылайык эч бир жаран, улутуна, жынысына, тилине, динине карата кодуланбашы керек» экенин айтып, маршка уруксат берүүдө алар туура эле чечим кабыл алганын билдирген.

Уюмдун мүчөлөрү «8-мартта аялдардын укуктарын даңазалаган иш-чаранын шылтоосунда ЛГБТ коомчулугунун жүрүшү болду» деп жатышат. Мэрия бул акцияны уюштурууда эрежелер бузулбаганын билдирген.

8-март күнкү акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Акцияга «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү да чыгып, активист аялдарга гүл беришкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG