Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:09

Президент 32 адамды судьялыкка дайындоодон баш тартты


Сооронбай Жээнбеков соттордун ХI курултайында. Бишкек, 11-март, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков соттордун ХI курултайында. Бишкек, 11-март, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Жогорку соттун, анын Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн келген 88 талапкердин 32син дайындоого макулдук бербей, артка кайтарды. Бул тууралуу президент өзү 11-мартта Бишкекте судьялардын кеңешмесинде билдирди.

Сунуштарды Сот тандоо кеңеши жөнөткөн.

Президент өз сөзүндө «сот системасында кадр саясаты азырынча жакшы жолго коюла элек» экенин, мындан ары судьялык кызмат орундарга талапкерлерди тандоонун сапаты жогорулатуу зарыл экенин айтты. 

«Демек, талапкерлерди тандоодо Сот тандоо кеңеши коюлган талаптарды сактабай, соттордун кесипкөйлүгүнө эмес, башка критерийлерге басым жасаган десек болот. Сот системасына сабатсыз жана таза эмес адамдардын дайындалышына бөгөт коюу максатында тандап алуу тартибин күчөтүү керек деп эсептейм», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Мунун алдында президент жалпы сот системасын жана айрым соттордун чечимдерин сынга алды.

Соттордун ХI курултайы Бишкекте мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Ага ар кайсы инстанциялардан 400гө жакын судьялар катышууда. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG