11-мартта Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы жаңы ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана күтүлүп жаткан эки тараптуу жогорку деңгээлдеги иш сапарларына даярдыктарды талкуулашты.
Кытайдын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Сяо Цинхуа дипломаттык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу өткөн айда ишин тапшырып берген. Цинхуа бул кызматта 2016-жылдын 19-сентябрынан бери иштеп келаткан. (ErN)