Индиянын шайлоо комиссиясы өлкөдө парламенттик шайлоо апрель-май айларында жети фаза менен өткөрүлөрүн жарыялады. Баштапкы сурамжылоолор премьер-министр Нарендра Моди башында турган коалиция жеңерин көрсөтүп жатат.
10-мартта шайлоо комиссиясынын башчысы Сунил Арора добуш берүү 11-апрелде, 18-апрелде, 29-апрелде, 6-майда, 12-майда жана 19-майда өтөрүн жарыялады.
Индияда 900 миллиондой киши добуш берүү укугуна ээ. Добуштар 23-майда саналат.
Индияда аскер күчтөрүн добуш берүүчү аймакка жайгаштырып, добушканалардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында шайлоо бир нече фаза менен өткөрүлөт.
«Cvoter» сурамжылоо тобу Модинин Улуттук демократиялык альянсы парламенттеги 543 орундун 264үн алат деп боолголоп турат. Оппозициялык альянс 141 добуш алышы мүмкүн.
Индияда шайлоо талаштуу Кашмир аймагында кырдаал курчуп, Пакистан менен алака чыңалып турган кезде өтөт.
Өзөктүк куралга ээ эки өлкөнүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир штатындагы кол салуу индиялык 40тан ашуун полиция кызматкеринин өмүрүн алгандан кийин курчуп кеткен.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан «Жаиш-и Мухаммад» тобу өзүнө алган.