Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

ЖЭБден түтүк алгысы келген УКМКнын жалган кызматкери кармалды


Жалган кызматкерден алынган жасалма документ.
Жалган кызматкерден алынган жасалма документ.

Өзүн Улуттук коопсуздук блюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш борборунун өкүлү катары тааныштырган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 24 жаштагы жигит Бишкек ЖЭБинин кампасынан металл түтүктөрүн мыйзамсыз алып чыгып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн.

Шектүү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт Жазык кодексинин 200-беренеси («Карактоо») менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Жалган кызматкерден алынган күбөлүк ушул эле жылдын 20-февралында кармалган башка бир шектүүдөн алынган кызматтык документтин маалыматтарына окшош экени такталды. Мурда кармалган киши өзүн Коррупцияга каршы күрөш кызматынын өкүлү деп тааныштырып, Транспорт министрлигинин Талас облустук бөлүмүн текшерүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG