Өзбекстандын Башкы прокуратурасы «абактагы Гулнара Каримова өз өмүрүнө кол салган» деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органына шилтеме кылып «Kun.uz» сайты кабарлады.
Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө «эч кандай суицид же суицид аракети болгон жок. Гүлнара Каримова белгиленген тартипте жазасын өтөп жатат. Бул чуулгандуу теманын айланасындагы кезектеги ушак» деп айтылат.
Буга чейин социалдык тармактарда Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун улуу кызы «Гүлнара Каримова камактагылардын кордоосуна чыдабай өз өмүрүнө кол салды» деген маалымат тарап кеткен.
Каримова өткөн жумада үй камагынан кадимки жалпы тартиптеги түрмөгө которулган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, буга анын үй камагындагы жаза өтөө шарттарын бузганы себеп болгон. Сот ага үй камагында отурганда үйүнөн эч жакка чыкпоого, телефон, Интернет сыяктуу байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салган.
46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы «Алдамчылык», «Чет элдик валютаны жашыруу», «Бажы мыйзамдарын бузуу», «Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу» деген айыптар менен соттолгон. Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган жана кийин бул өкүм беш жылга кыскартылган.
Каримовага 2015-жылы АКШда, Швецияда, Швейцарияда кылмыш иштери ачылып, «жалпы суммасы бир миллиард долларга жакын каражатты пара түрүндө кымырып алган» деген айып коюлган.