«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында 23 жаӊы камера иштей баштайт.
Бул тууралуу өкмөт кабарлады. Маалыматка ылайык, бул ирет Бөкөнбаев-Манас, Чүй-Манас, Чүй-Павлов, Жибек Жолу-Манас, Махатма Ганди-Боталиев, Жибек Жолу-Курманжан Датка, Ахунбаев-Байтик баатыр, Чүй-Абдрахманов, Байтик баатыр-Максим Горький, Шабдан баатыр жана Ибраимов көчөлөрүндө көзөмөл камералары жол эрежесин бузган автоунааларды каттайт.
Ал эми Чүй облусунун аймагында 12 камера иштей баштайт.
12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду.
4-марттан тартып бул долбоордун алкагында жол эрежесин бузган айдоочуларга айыппул почта кызматы аркылуу жөнөтүлө баштады. (BkA)