Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

АКШ Орусиянын банкына санкция киргизди


PDVSAнын штаб-квартирасы.
PDVSAнын штаб-квартирасы.

АКШ орусиялык «Еврофинанс Моснарбанкка» санкция киргизди. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин расмий сайтында кабарланды.

АКШнын бийлиги аталган орус банкын «буга чейин санкцияга туш болгон венесуэлалык PDVSA мунай-газ корпорациясына банктык кызмат көрсөткөн» деп айыптоодо.

АКШнын финансы министри Стивен Мнучин «Еврофинанс Моснарбанкка» карата санкция Венесуэлада «Мадуронун легитимсиз режимин колдогондорго» каршы кандай чара көрүлөрүнүн көрсөткүчү экенин билдирди.

«Еврофинанс Моснарбанктын» 50 пайыздан ашуун акциясына Венесуэланын Улуттук банкы ээлик кылса, калган бөлүгү Орусиянын ВТБ жана Газпромбанкына таандык.

АКШ Венесуэланын учурдагы президенти Николас Мадуронун бийлигин легитимсиз деп атап, оппозициянын лидери Хуан Гуайдону өлкө жетекчиси катары тааныган. PDVSA мунай-газ корпорациясына салынган санкция дал ушул Мадуронун каржы булагын чектөөгө багытталган.

Ал эми Орусиянын жетекчилиги Мадурону колдоп жатат.

XS
SM
MD
LG