Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Алжирдин президенти шайлоого катышуу ниетинен баш тартты


Абдел Азиз Бутефлика.
Абдел Азиз Бутефлика.

Алжирдин президенти Абдел Азиз Бутефлика шайлоого катышпай тургандыгын жана 18-апрелге белгиленген добуш берүүнүн башка мөөнөткө жылдырылганын жарыялады. Бул тууралуу ал дүйшөмбүдө тараткан билдирүүсүндө жарыялады.

«Бешинчи мөөнөт президентке барбайм. Мындай маселе менин алдымда турган эмес. Менин жаш курагымды жана ден соолугумдун абалын эске алуу менен алжир элинин алдындагы акыркы милдетим катары жаңы республиканын пайдубалын түптөөнү эсептейм», - деп айтылган билдирүүдө.

20 жылдан бери мамлекетти башкарып келген Бутефлика буга чейин бешинчи ирет шайлоого бара турганын жарыялаганы өлкөдө массалык нааразылык жараткан.

Түмөндөгөн адамдар көчөгө чыгып улгайган президентти жаңы шайлоого барбашын талап кылган.

Швейцарияда дарыланууда жаткан 82 жаштагы Абдел Азиз Бутефлика 10-мартта өз өлкөсүнө кайтып барган.

XS
SM
MD
LG