Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Эфиопияда кулаган «Боинг 737» учагынын «кара кутусу» табылды


«Боинг 737» учагы.
«Боинг 737» учагы.

10-мартта эртең менен Эфиопиянын борбору Аддис-Абебанын чет-жакасында кулаган учактын «кара кутусу» табылды.

Бул тууралуу эфиопиялык мамлекеттик телеканал кабарлады. Эми «кара кутуларга» жазылып калган маалыматтын негизинде кырсыкка эмне себеп болгону иликтенет.

«Ethiopian Airlines» авиакомпаниясына таандык учактын бортунда 157 киши болгон. Кырсыктан эч ким аман калган эмес.

«Боинг-737» Аддис-Абебадан Кениянын борбору Найробиге бет алган. Абага көтөрүлгөндөн алты мүнөт өткөндөн кийин кырсыкка кабылган.

Бул кырсык «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү лайнердин коопсуздугуна байланыштуу суроо жаратты. Алты ай мурда так ушул үлгүдөгү учак Индонезияда кырсыкка кабылып, океанга кулап түшкөн. Былтыр октябрдагы кырсыкта 189 кишинин өмүрү кыйылган.

«Ethiopian Airlines» компаниясы менен Кытай «Боинг 737 MAX 8» учактарын каттамдан алды. АКШнын учак жасаган заводу техникалык текшерүүгө көмөктөшүүгө адистердин тобун жиберди.

XS
SM
MD
LG