Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Зидан «Реалга» кайтып келди


Зинедин Зидан.
Зинедин Зидан.

Зинедин Зидан мадриддик «Реал» клубунун башкы машыктыруучусу болуп кайтып келди. Бул тууралуу команданын расмий сайтында кабарланды.

Андагы маалыматка ылайык, франциялык атактуу футболчу клубдун машыктыруучусу катары 2022-жылга чейин эмгектенет.

Зидандын «Реалга» машыктыруучу катары кайтышы бул клубдун күйөрмандары үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Себеби, акыркы учурда испаниялык клуб улам жеңилип жаткан. Буга байланыштуу акыркы башкы машыктыруучу Саньяго Солари клубдан кетүүгө мажбур болду.

Зинедин Зидан 2016-2018-жылдары «Реалдын» башкы машыктыруучусу болгон. Бул убакытта мадриддик клуб абдан ийгиликтүү ойноп, Чемпиондор Лигасын үч жолу жеңип алган.

XS
SM
MD
LG