Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Өкмөт 20 күнчө убакыттан кийин Аксы районунун акимин дайындады

Аксы району. Иллюстрациялык сүрөт.
Аксы району. Иллюстрациялык сүрөт.

Ыманберди Досбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ыманберди Досбаев буга чейин Жалал-Абаддын Чаткал, Токтогул райондорунда аким болуп иштеген. Андан кийин президенттик, өкмөттүк аппараттарда эмгектенген.

Быйыл 22-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн» деп Тоң, Ак-Суу, Кемин, Аксы, Токтогул, Москва райондорунун башчыларын, жалпысынан алты акимди кызматтан бошоткон.

6-мартта парламентте биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Аксыда жергиликтүү тургундардын урууга бөлүнүү маселесинен улам аким тандалбай жатканын билдирген. Бул коомчулукта түрдүү пикирлерди жараткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG