Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

КСДП: Партиянын делегаттарын УКМК териштирип жатат


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) буга чейинки курултайынан тартылган сүрөт.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) буга чейинки курултайынан тартылган сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы партиянын аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогултуп жатканын кабарлады.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү калтырып, «УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы Таабалдиев менен ушул эле райондогу паспорт столунун жетекчисине жазды» деген каттын көчүрмөсүн жарыялады. Анда УКМКнын аймактык жетекчиси каттоо мекемесинен 18 адам жөнүндө чукул арада маалымат жөнөтүшүн талап кылып жатканы жазылган.

КСДПнын катчылыгы бул адамдардын аты-жөнү партиянын Ысык-Көл облустук конференциясына Жети-Өгүз районунан катыша турган делегаттардын тизмеси менен толук менен дал келерин билдирет. Билдирүүдө мындай суроо-талаптар партиянын башка райондогу делегаттары тууралуу да чогултулуп жатканы, ошондой эле партия өкүлдөрү муну КСДПнын 18-съездин өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратуу жана өздөрүнө кысым катары кабыл алып жатканы айтылат.

Партия бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн УКМКга кайрылды.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул факт боюнча ички иликтөө иштери башталганын билдирди. Ал баштапкы маалыматтарга ылайык, К.Таабалдиев бөлүм башчылыкка бир ай мурда дайындалгандыктан жергиликтүү коомчулук менен таанышуу үчүн паспорттоштуруу жана каттоо мекемесине суроо-талаптарды жөнөткөнүн айтты.

КСДП партиясынын катчылыгы буга чейин 6-апрелде Бишкекте партиянын республикалык курултайын өткөрөрүн жарыялаган. Ал арада «Атамбаевсиз КСДП» аттуу кыймыл да өз алдынча курултай чакырганын кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG