Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

«Азаттыктын» кабарчысы Сания Тойкен сотко жеткирилди


Сания Тойкен.
Сания Тойкен.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында кармалган «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкен сотко жеткирилди. Журналистке 667-берененин негизинде, «буйрукка же полиция кызматкеринин талабына баш ийбөө» деген айып коюлган. Ага карата сот жараяны башталганы турат. Бул тууралуу Тойкен өзү билдирди.

Журналистке эмне себептен мындай кине коюлганы белгисиз.

Казакстанда 667-берене менен айыпталгандар эскертүү алып же айыппул төлөп, болбосо беш күнгө чейин камакка алынат.

Сания Тойкен 11-марттын кечинде Жаңы-Өзөндө кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Укук коргоо органдары анын кармалышы тууралуу комментарий бере элек. Журналист ушуну менен акыркы айда үчүнчү ирет кармалды.

Сания Тойкен Жаңы-Өзөнгө туруктуу жумуш орундарын түзүүнү талап кылган нааразылык акцияны чагылдырууга барган.

11-мартта шаардын акимчилигинин алдына чыккандар казак президенти Нурсултан Назарбаевге кайрылуу жазышкан.

Жаңы-Өзөндө жумушсуздардын акциясы бир нече жумадан бери уланууда.

XS
SM
MD
LG