Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Өзбекстан: пайгамбар жөнүндө пикир жазган жетекчи кайтарууга алынды


Наргиза Рахимова (Саидова).
Наргиза Рахимова (Саидова).

Өзбекстандын президенттик администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары Наргиза Рахимова (Саидова) коопсуздугуна коркунуч бар деген негизде өргүүгө чыкты. Анын үйү кайтарууга алынганын «Азаттыктын» өзбек кызматына укук коргоо органдарындагы булактар жана Рахимованын кесиптештери билдиришти.

35 жаштагы Наргиза Рахимова «Азаттыктын» өзбек кызматынын «Фейсбуктагы» баракчасында мусулмандар арасындагы көп аялдуулук боюнча комментарий калтыргандан кийин катуу сынга алынган.

8-марттын алдында баракчага «Hayot Baxtiyor O'gli» аттуу колдонуучу көп аялдуулукту колдогон пикир калтырган. Анын пикирине Наргиза Рахимова аттуу колдонуучу «биздин пайгамбарыбыз Хадича энебиз тирүүсүндө экинчи аял алган эмес» деген таризде комментарий жазган.

Ушул комментарийден кийин социалдык тармактарда Рахимованы айыптаган видеокайрылуулар, билдирүүлөр көбөйдү. Айрым Интернет колдонуучулар беш балалуу аткаминер айымдын дарегине эле эмес, анын үй-бүлөсүнө карата да коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү жазып жатышат. Укук коргоо органдары Рахимованын өмүрүнө коркунуч келтирүү тууралуу комментарийлерди жазгандарды аныктап жатканы кабарланды.

9-мартта Наргиза Рахимова «Azon TV» каналынын сайтында видео кайрылуу менен чыгып, өзүнүн талкууга алынган комментарийи үчүн бардык мусулмандардан кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG