Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

Ошто тоют чыгаруучу ишкана ачылды


Оштогу жаңы ачылган ишкана чыгарып жаткан жем.
Оштогу жаңы ачылган ишкана чыгарып жаткан жем.

Ош шаарына караштуу Кеңеш айылында «Оазис-Агро» жоопкерчилиги чектелген коомунун базасында тоют бүртүкчөлөрүн чыгаруучу ишкана ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

12-мартта ишкананын ачылыш аземине шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, завод ачууга көмөктөшкөн АКШнын USAID уюмунун өкүлдөрү, айыл чарба тармагында эмгектенген адистер жана шаар тургундары катышты.

Заводдо жылкы, бодо мал, кой-эчки жана тоок үчүн 30-40 тонна минералдык тоют бүртүкчөлөрү өндүрүлөт. Чийки заттар жергиликтүү калктан алынып, минерал кошулмалары Орусиядан жана Европа өлкөлөрүнөн ташылат.

Ишкана заманбап жабдуу менен камсыз болду. Анда кеминде 50 адам эмгектенет. (ErN)

XS
SM
MD
LG