Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

«Кырк чоронун» лидерине «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголду


«Кырк чоро» кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаев.
«Кырк чоро» кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаев.

11-мартта коомчулукка «Кырк чоро» деген ат менен белгилүү кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаевге Жосундар жөнүндө кодекстин 119-беренеси менен («Ээнбаштык») иш козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Нурлан Каназаров «Азаттыкка» кабарлады.

Буга Замирбек Көчөрбаев менен 8-марттагы марштын уюштуруучусу, активист Мира Токушеванын түз эфирдеги кайым айтышы себеп болгон. «Бешинчи каналдын» кечки жаңылыктар чыгарылышында сүйлөп жатып Көчөрбаев анда активисттердин даректери бар экенин айткан. Мира Токушева мындай билдирүүнү опуза катары сыпаттап, милицияга арыз жазган.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө сурак берип чыккан Көчөрбаев ал 8-марттагы жөө жүрүштү уюштургандардын дарегин чогулта баштаганын «Азаттыкка» берген маегинде ырастап, аны төмөнкүчө негиздеген:

- 119-берене менен («Майда ээнбаштык») иш козгоптур. Мен алардын даректерин чогултуп жүрөм. Дарегин сурасам эле коркутуп, үйүн өрттөйм дегенди билдирбейт да. Мен буларды сотко берип, акча өндүрүш үчүн даректери керек болуп жатат. Өткөндө сотко доо арыз менен кайрылсам, арызымды албай койду. Алар «почтадан маалымдама жөнөтүш үчүн дарегин билишибиз керек» деп коюшту. Ошол себептен мага даректери керек. Булар улуттук баалуулуктарга шек келтирди. Ошон үчүн 5 миллион сомдук доого жыгам.

8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктары, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон. Ушундан улам айрым уюмдар «жыныстык азчылыктарды жактаган жүрүш болду» деп шаардын бийлигин жана ага катышкан активисттерди сынга алышууда. (KR)

XS
SM
MD
LG