Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Үч саясатчы Атамбаевдин үстүнөн жогорку инстанцияга кайрылды


Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров. Коллаж.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн доо арыз жазган саясатчылар Азимбек Бекназаров, Акматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бирине 100 миң сомдон компенсация төлөп берүү чечимине каршы болуп, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Биз бул маселе боюнча чечим кабыл ала элек болчубуз. Бирок алар 100 миң сом өндүрүп берүүгө макул болбой, кайра шаардык сотко башында жазылгандай ар бири алты миллион сомдон талап кылышыптыр.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту Атамбаевди ар бир саясатчыга 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

28-февралда райондук судья «Апрель» телеканалын такталбаган маалымат таратканы жөнүндө төгүндөө берип, доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирген.

28-февралдагы отурумда тараптар жарыш сөзгө чыгышкан. Анда «Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников алар Алмазбек Атамбаевдин интервьюсун чыгаруу менен журналистиканын принциптерин бузбаганын айткан.

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл этегинде сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалдагы маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. (KR)

XS
SM
MD
LG