Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Казакстанда «Азаттыктын» кабарчысы айыпка жыгылды


Сания Тойкен.
Сания Тойкен.

«Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Сания Тойкен «полицияга баш ийген эмес» деген жүйө менен 20 айлык эсептик көрсөткүчтө (50 500 теңге) айыпка жыгылды. Тиешелүү чечимди 12-мартта Жаңы-Өзөндүн административдик соту чыгарды.

Полициянын Тойкен боюнча протоколунда ал «укук коргоо кызматкерине баш ийбей койгону» айтылат. Журналист жана анын адвокаты Танатар Исекешев соттун чечимине макул болушкан жок.

Сания Тойкен 12-мартка караган түнү Жаңы-Өзөндөгү кафелердин биринин алдынан кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Журналист өзүн кафеге келген белгисиз кишилердин чатагынын күбөсү катары кармап кетишкенин билдирди. Окуяны көрбөгөнүн айтканына карабай полицияга алып барышканын кошумчалады. Сот Тойкен боюнча ишти 12-мартта түштөн кийин карады. Бул анын акыркы айда үчүнчү ирет кармалышы.

Сания Тойкен Жаңы-Өзөнгө туруктуу жумуш орундарын түзүүнү талап кылган нааразылык акциясын чагылдырууга барган.

XS
SM
MD
LG