12-марттын кечинде британ өкмөтүнүн өлкөнү Евробиримдиктен чыгаруунун жол-жобосу камтылган документи да четке кагылды. Тереза Мэйдин жаңы вариантын 242 депутат колдосо, 391и каршы болушту.
Сынчылар жаңы келишим деле Британияны көз каранды өлкөгө айлантарын, чыккандан кийин Евробиримдиктин бир катар эрежелерине баш ийип каларын белгилеп жатышат.
Бирок Мэй акыркысын «эң мыкты жана жападан жалгыз мүмкүн болгон» документ эле деп, экинчи жолу утулушуна терең өкүндү.
Эми шаршембиде парламентке кезектеги маселе добушка коюлат. Ал - 29-мартта, тактап айтканда Брекзит сүйлөшүүсүнө берилген мөөнөт бүткөндө Евробиримдиктен эч келишимсиз эле кол үзүү маселеси.
Британ депутаттары «келишимсиз кол үзбөйбүз» деп чечсе, анда бейшембиде башка бир маселе добушка коюлушу керек. Ал - Евробиримдиктен чыгуу процессинин мөөнөтүн 29-марттан ары узартуу.
Премьер-министр Тереза Мэй мындай болгондо дагы бир нече тандоо пайда болорун белгиледи:
- Евробиримдик узартылган мөөнөттү кайсы максатка колдонорубузду билгиси келет. Палата ошол маселеге жооп бериши зарыл: 50-беренеден баш тартууну каалайбы? Экинчи ирет референдум өткөрүүнү каалайбы? Же болбосо башка бир келишим менен чыгууну каалайбы?
Жөнөкөйлөтүп айтканда, премьер Мэй «Британия Евробиримдиктен чыгуудан баш тартабы же чыгуу-чыкпоо маселесин кайра элдин добушуна салабы, же болбосо үчүнчү, башка бир келишим түзөлү деп Евробиримдикке кайра кайрылабызбы?» деп жатат. (МТо)