Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

«Кыргызалтынды» текшерүү тууралуу талап коюлду


Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев «Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбековду төрт жылдын ичинде реформа кыла албагандыгы үчүн сындап, ишкананы текшерүүнү талап кылды.

- «Кыргызалтын» компаниясынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компаниянын башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки төрт жыл аралыгында реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок. «Макмалда» 70 адам иштейт деп эсептелсе, аны 50 адам кайтарат экен, ушу кантип болсун? «Кыргызалтын» мамлекеттин 100 пайыз үлүшү бар компаниябы же бирөөнүн жеке менчик ишканасыбы? Анын аппаратын кыскартыш керек, жарытылуу деле иш жасаган жок, - дейт Кожобек Рыспаев.

Комитеттин мүчөлөрү укук коргоо органдарына «Кыргызалтын» компаниясынын иши боюнча айрым маалыматтарды текшерип, 10-апрелге чейин жыйынтыгын маалымдоону тапшырышты.

Сынга кабылган ишкана азырынча өз пикирин билдире элек. (KR)

XS
SM
MD
LG