Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

АКШнын элчиси Жалал-Абадды кыдырды


Дональд Лу жана Мураталы Тагаев.
Дональд Лу жана Мураталы Тагаев.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Жалал-Абад облусун кыдырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташтык маселелерин талкуулады.

Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев менен жолугушууда шаардагы социалдык-экономикалык абал тууралуу сөз болуп, элчи ортодогу достук мамилелерин бекемдөө зарыл экенин айтты.

Мындан тышкары Дональд Лу «Натурал Петфуд» компаниясынын иши менен таанышты. Бул ишкана мал этинин калдыктарынан иттер үчүн азык даярдап, үч жылдан бери АКШга экспорттойт.

Дональд Лу Кыргызстанга элчи болуп 2018-жылдын сентябрында келген. Жакында ал Баткен облусун да кыдырып чыккан. (RsK)

XS
SM
MD
LG