Ушу тапта Бишкек мэриясынын алдында пикет өтүп жатат. Анын катышуучулары «ЛГБТны үгүттөөгө уруксат берген адам Бишкек шаарынын жетекчиси болууга укугу жок» деп, мэр Азиз Суракматовдун кызматтан кетишин талап кылып жатышат.
Ошондой эле 8-марттагы жүрүшкө жана митингге катышып, сөз сүйлөгөн саясатчылар Эдил Байсаловдун, Равшан Жээнбековдун жана Рита Карасартованын жоопкерчилигин кароо да сунушталууда.
Азырынча мэрия жооп бере элек.
Пикетке чыккандардын арасынан «Кырк чоро» деген аталыш менен белгилүү болгон «Кыргыз чоролору» бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевди, активисттер Аманбол Бабакуловду, Ыргалай Бекмуратованы, дин ишмери Өзүбек Чотоновду көрүүгө болот. Жалпысынан 30дай адам чыкты.
8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.
Маршты уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү 12-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтышты. Алар Ички иштер министрлигинен, Бишкек ШИИБинен жана өкмөттү мындай иш-аракеттерге чара көрүүнү өтүнүштү. «Кыргыз чоролору» бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев феминисттердин дарегин аларды сотко берип, акча өндүрүш үчүн сураганын түшүндүргөн. (GT)