Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 8-мартта Бишкекте өткөн митинг маселеси талкууланып жатканда комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Орозбек Опумбаев билдирди:
- Орусияда жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам бүгүнкү күндө эң зарыл. Негизги проблема – каржылоо көзөмөлсүз жүрүп жатат. Айрыкча ЛГБТга. Канча акча келип, кимге барып жатат, кандай акциялар болууда? Ошол мыйзамды кабыл алсак, көзөмөл болсо, биз кайсы эл аралык уюм лобби кылып, кайсы чет өлкөлүктөр бул жакка келип жатканын, аларга кантип каршы туруш керек экенин билет элек. Бул маселени көтөрүп, чогуу чечишибиз зарыл. Ачык эле айталы, аларды кармасак Конституция боюнча биз күнөөлүү болмокпуз, алар «расалык жана башка дискриминация» деп арыз жазмак. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө мыйзам кабыл алып, эл аралык уюмдардын максатын, жоопкерчилигин, жетекчилерин, иш-чараларын жазып койсок, ошондо биз ИИМ менен так-так иштейт элек.
8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүшү жана митинги өткөн. Акцияда кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгон.
Бүгүн КСДПнын депутаты, «бул митинг кыргыздын, улуттун уңгусуна балта чабылган митинг болду» деген Жылдыз Мусабекованын жана «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешовдун демилгеси менен парламентке УКМКнын, ИИМдин жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрү чакыртылып, маалыматы угулду.
КСДПнын депутаты Дастан Бекешов гана бул маселенин парламентте көтөрүлүшүн «уят иш» деп атады. Калгандар ЛГБТ өкүлдөрүнүн ураандары ачык айтылышын айыпташты.
2016-жылы Жогорку Кеңеш «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл албай койгон. Депутаттардын көпчүлүгү «бул демилге жарандык коомду чектеп, өлкөгө келген эл аралык жардамдын азайышын шарттайт» деп каршы чыккан. (RK)