Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Орусияда «жалган» маалымат үчүн жазалаган мыйзам жактырылды


Кремль, 14-август, 2018-жыл.
Кремль, 14-август, 2018-жыл.

Орусиянын Федерация кеңеши Мамлекеттик думадан өткөн «жалган» маалымат тараткандарды, бийлик органдарына, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоорлорун жактырды. Документ президент Владимир Путинге кол коюуга жиберилди.

Жаңы мыйзамга ылайык, Интернетке «бурмаланган» маалымат чыкса прокуратура «Роскомнадзор» мекемесине кайрылат. Тескөөчү мекеме тиешелүү тараптан маалыматты алып салууну талап кылат, болбосо провайдер аркылуу ал сайтка бөгөт койдурат.

Мыйзам бузган жаран 100 миң рубль, ал эми жооптуу кызматкерлер 200 миңге чейин, юридикалык тарап болсо жарым миллион рублга чейин айып пул тартат.

Ал эми Интернетте мамлекеттик символдорго акарат келтирген жаран 100 миң рублга чейин айып пул төлөйт же 15 күнгө камалат. Эгер экинчи жолу мыйзам бузса 200 миң рублга чейин айып пул салынат.

XS
SM
MD
LG