Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Орусия: базардагы рейддерде ондогон мигранттар кармалды


Москвадагы мигранттар.
Москвадагы мигранттар.

Орусиянын башкалаасындагы «Москва» жана «Садовод» базарларында 11-марттын түнү болгон рейд 12-мартта «Фуд сити» дүң базарында уланды. Текшерүү менен кармоого полиция менен кошо Орусиянын Улуттук гвардиясынын жоокерлери тартылган. Күбөлөр кармалгандардын көбү борбор азиялык мигранттар экенин, күч кызматкерлери документтердин бар-жогуна карабай аларды полиция бөлүмдөрүнө жеткиришкенин айтышты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва базарында кармалган 50гө жакын кыргызстандык жаран документтери текшерилгенден кийин кое берилгенин билдирди. Бул рейддерде кыргызстандыктардан тышкары жүздөгөн мигранттар кармалган.

Рейддер жалаң эле Москвада эмес, Санкт-Петербургдун «София», Екатеринбургдагы «Таганский ряд» , «Новомосковский» базарларында да жүргөнү кабарланды.

Орус өкмөтү жана Ички иштер министрлиги текшерүү, кармоо, анын себеби тууралуу комментарий элек. Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция базарлардан крипто валютаны мыйзамсыз чыгарган жайларды издеген болушу мүмкүн экенин жазып чыгышты.

«Москва» базарынын ээси мыйзамсыз банк ишмердигин жүргүзгөн деп шек саналып жатканы айтылууда. Базарлардын өкүлдөрү акыркы окуялар тууралуу комментарий беришкен жок. Маалымат каражаттары рейдге дем алыштагы мигранттардын жапырт мушташы себеп болгонун болжолдошууда.

9-мартта «Москва» соода борборуна жакын жерде мигранттардын мушташы болгон. Базарда иштегендер чатакта бычак жана травматикалык тапанча колдонушкан. Алардын пикир келишпестигине соода жайларын өз ара бөлүшө албаганы түрткү болгону айтылды. Окуяда төрт киши медициналык жардам алып, бирөө ооруканага жаткырылган. Ушу тапта кылмыш иши козголуп, мушташтын чоо-жайы иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG