«Азаттыктын» тажик кызматынын жазганына караганда, 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан бир адам көз жумуп, 20дай киши жаракат алган. Мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунун Кожоало айылынын тургуну экени кабарланууда. Бул тууралуу атын атагысы келбеген тажикстандык жаран билдирген.
Чырдан жабыр тарткан Кожоало айылынын дагы үч тургуну Исфара шаарындагы ооруканага жөнөтүлгөн.
Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек арада болгон жаңжал тууралуу жаңыртылган маалыматында эки тараптан тең жабыркагандар бар экени айтылат.
Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева «Азаттыкка» жаңжалдан жабыркаган кыргызстандык киши ооруканага жеткирилгенин билдирди.
«Биздин маалымат боюнча бир жаран оор жарадар болуп, учурда Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары Ортобоз айылындагы жарандын үйү өрттөнүп кеткен», деди Абдыкариева.
Расмий эмес маалыматтарга ылайык, жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркаган.
Азыркы учурда чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.
Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 13-март күнү күндүз Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап нааразылык билдирип чыккан. Ак-Сай айылынан 50 кыргызстандык, тажик тараптан 70 тургун келип, бири-бирине таш ыргытышкан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип, токтотушкан. Чатак кечки саат 20:30дар чамасында курчуп кеткен.
Учурда тажик тарап жапкан Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы жол (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары тосуп алган Ак-Сай айылындагы жол (Тажикстандын Варух анклавына барган жол) ачыла элек.