Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:21

Кыргыз-тажик жетекчилери жолду ачуу боюнча сүйлөшүүдө


Тосулган жол.
Тосулган жол.

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу жаңыртылган маалымат таратты.

«Эки өлкөнүн чек арачылары, облус башчылары, жергиликтүү укук коргоо органдары Баткен районундагы Ак-Сайда жана Төрт-Көчөдө жабылган жолдорду ачыш үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө» деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Учурда тажик тарап жапкан Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы жол (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары тосуп алган Ак-Сай айылындагы жол (Тажикстандын Ворух анклавына барган жол) ачыла элек.

Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 13-март күнү күндүз Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап нааразылык билдирип чыккан. Ак-Сай айылынан 50 кыргызстандык, тажик тараптан 70 тургун келип, бири-бирине таш ыргытышкан. Чатак кечки саат 20:30дар чамасында курчуп кеткен.

«Азаттыктын» тажик кызматынын жазганына караганда, 13-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан бир адам көз жуумп, 20дай киши жараланган. Мерт болгон адам Тажикстандын Исфара районунун Кожоало айылынын тургуну экени кабарланууда. Бул тууралуу атын атагысы келбеген тажикстандык жаран билдирген.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Салкын Абдыкариева «Азаттыкка» жаңжалдан жабыркаган кыргызстандык киши ооруканага жеткирилгенин билдирди.

«Биздин маалымат боюнча бир жаран оор жараат алып, учурда Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары Ортобоз айылындагы жарандын үйү өрттөнүп кеткен» деди Абдыкариева.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркаган.

Азыркы учурда чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

XS
SM
MD
LG