Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

Кыргыз-тажик чек арасында топтолгондор тарады


Кыргыз-тажик чек арасында чогулган жарандар.
Кыргыз-тажик чек арасында чогулган жарандар.

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдан кийин топтолгон кыргыз жарандары таркап кетишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустагы кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирди.

Жаңжал чыккан участкалардагы абалды чек арачылар жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат.

Жеке булактар кабарлагандай, жаңжал учурунда Кыргызстанда жана Тажикстанда калып кеткен бирден автоунаалар алмаштырылды. Автоунаалардагы тургундар жабыркаган эмес.

Кечээ, 13-мартта күндүз, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Буга Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Бирок кырдаал толук жөнгө салынган эмес. Саат 18:30дарда бир эле учурда тажик жарандары Төрт-Көчө аймагындагы жолду (Ош-Исфана жолу) жана кыргыз жарандары Ак-Сай айылындагы жолду (Тажикстандын Ворух анклавына барган жол) жаап салышкан.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркаган. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын да кабарлады. (JsA/KR)

XS
SM
MD
LG