Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Кыргыз-тажик чек арасында 100гө жакын автоунаа топтолуп турат


Кыргыз-тажик чек арасына жетпей токтоп турган автоунаалар.
Кыргыз-тажик чек арасына жетпей токтоп турган автоунаалар.

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылында Ош-Исфана жолунда бара жаткан 100гө чукул автоунаа тажик аймагынан өтө албай топтолуп турат. Бул тууралуу «Азаттыктын» Баткен облусундагы кабарчысы Жеңиш Айдаров кабарлады.

Жол жабылганына байланыштуу ушундай эле абал Төрт-Көчө айылында да сакталууда. Көк-Таш айылында Тажикстандын өрт өчүрүүчү автоунаасы турганын көрүүгө болот.

Тажикстандын өрт өчүргүч автоунаасы.
Тажикстандын өрт өчүргүч автоунаасы.

Буга чейин чек арага топтолгон эл таркап кеткени кабарланган. Бирок жаңжал чыккан аймактарды Мамлекеттик чек ара кызматынын аскерлери жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турганы айтылган.

13-март күнү күндүз, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан. (JsA/KR)

XS
SM
MD
LG