Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Президент элчилерди чоң жыйынга чогултту


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттар тууралуу кайрылуу жасайт.

Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышууда.

Президент Жээнбеков элчилерди 13-мартта кол койгон Кыргызстандын тышкы саясаты боюнча жаңы концепция менен тааныштырат. Негизги багыттарды аныктаган концепция 2007-жылдан бери алгач жаңыланды. Анда Кыргызстан прагматикалуу, тең салмактуу, ачык, көп багыттуу жана ырааттуу тышкы саясат жүргүзөрү жазылып, дүйнөдөгү абалга ылайыкташтырылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG