Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Жээнбеков: АКШ менен кызматташтык тууралуу жаңы келишим даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен АКШ кызматташтык тууралуу жаңы келишим боюнча макулдашуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элчилери менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, келишимди талкуулоодо эки тараптын кызыкчылыктары эске алынышы керек.

«Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттардын жакында эле кайтарылышы иштин алгылыктуу башаты деп эсептейм. Бул багытта иш үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү керек», - деди Жээнбеков.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрүүдө.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттар тууралуу кайрылуу жасайт.

Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG