Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

Баткен: Милиция чек арадагы жолду кайтарууга алды


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койду. Бул тууралуу «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирди.

Тажик аймагы аркылуу өтө албай топтолуп калган автоунаалардын саны 100гө чукулдады.

Жол жабылганына байланыштуу ушундай эле абал Төрт-Көчө айылында да сакталууда.

Көк-Таш айылында Тажикстандын өрт өчүрүүчү автоунаасы турганын көрүүгө болот.

Кыргыз-тажик чек аралаш аймагы. 14-март, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек аралаш аймагы. 14-март, 2019-жыл.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Жаңжалдан алты кыргыз жараны жабыркады. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын да кабарлады. (JsA/ErN)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG