Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Жээнбеков: Элчиликтердин эшиги жарандарыбызга күнү-түнү ачык болсун


Москва. Кыргызстандык эмгек мигранттары метронун курулушунда.
Москва. Кыргызстандык эмгек мигранттары метронун курулушунда.

Чет мамлекеттердеги элчиликтер ошол жакта жашап жаткан кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого көңүл бурушу керек. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өткөн жыйында ушундай талап койду.

Президент элчиликтер менен консулдуктар четтеги кыргызстандыктардын негизги таянычы болуп, алардын эшиги күнү-түнү ачык болушу керек экенин, жарандарга тезинен жардам көрсөтүү зарыл болорун белгиледи.

Ошондой эле Жээнбеков четтеги журтташтардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу зарыл экенин да айтты. Ал Орусияда шайлоо участоктору көбөйтүлөрүн билдирди.

Жээнбеков экономикалык дипломатия маселеси да негизги багыттардын бири болуп жатканын айтып, өлкөгө инвестиция тартуу жаатында ишти күчөтүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы бүгүнкү жыйында элчилерге милдет-тапшырмалар коюлуп жатканын, ал эми кийинки жылы ушул тапшырмалар боюнча отчет аларын кошумчалады.

«Азыр мен сүйлөп жатам, кийинкиде силер сүйлөйсүңөр. Мурдагыдай «элчи болдум, 3-4 жыл отура берем» деген болбойт. Критерийлер иштелип чыгып, жыл сайын отчет талап кылынат», - деди Жээнбеков.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрүүдө.

Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG