Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:04

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.

Мекеменин 14-марттагы расмий билдирүүсүндө жаңжалдан Таш-Тумшук участогунда бир үй, «Аudi» үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөнү кабарланды. Өрт өчүрүүчү топту Тажикстандын жарандары кое бербей койгону да айтылды.

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-марттагы жаңжалда тажик жарандары Баткендин Ортобоз айылындагы бир сарайды өрттөп салганын, Кыргызстандын бир жараны жарадар болуп, Баткендин Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев аймакка жөнөп кетти.

Мунун алдында Баткен жана Согди облустарынын башчылары, андан мурдараак Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшкөн.

Эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү жана күч кызматтары Баткен - Лейлек жана Исфара - Ворух жолдорун ачуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан.

«Азаттыктын» тажик кызматы жаңжалдан Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын кабарлады. Ошондой эле Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме кылып, жаңжал кыргыз тараптын айынан тутанганын жазды. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (26)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG