Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Баткен: Элчи жол салынып жаткан аймак Кыргызстанга таандык экенин айтты (видео)


Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы. 14-март, 2019-жыл.
Баткен. Кыргыз-тажик чек арасы. 14-март, 2019-жыл.

Баткенде чыр чыккан жерде жол курулуп жаткан аймак Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу 14-мартта «Азаттыкка» Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков билдирди.

Элчи маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Рустенбеков: Чыр чыккан аймак Кыргызстанга таандык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кырдаалды жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы, укук тартибин коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик иштеп жатканын айтты.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгону айтылууда. Кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан. «Азаттыктын» тажик кызматы жаңжалдан Тажикстандын 43 жаштагы жараны көз жумганын кабарлады. Ошондой эле Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме жасап, жаңжал кыргыз тараптын айынан тутанганын жазды. (BkA)

XS
SM
MD
LG