Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Карамушкина УКМКга: Атамбаевдин тарапкерлерине куугунтукту токтоткула


Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон активисттерге карата куугунтук болуп жатканын билдирип, бул үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты:

- УКМКнын төрагасы Кадыркуловго расмий түрдө кайрылабыз. Өз кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Партиянын активисттерине жана Алмазбек Атамбаевди колдогондорго карата куугунтукту токтотуш керек. Жарандарыбыздын укуктарын бузбагыла.

Карамушкина ошондой эле «облустардан сигналдар келип жатканын» кошумчалады.

КСДПнын катчылыгы 6-апрелде Бишкекте партиянын республикалык курултайын өткөрөрүн жарыялаган. Ал арада «Атамбаевсиз КСДП» аттуу кыймыл да өз алдынча курултай чакырганын кабарлаган.

Партиянын катчылыгы УКМК аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды чогултуп жатканын айткан.

Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул факт боюнча ички иликтөө иштери башталганын билдирген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (35)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG