Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

«Супер-инфо» гезитинин жетекчиси Финполицияга чакырылды


Шаиста Шатманова.
Шаиста Шатманова.

«Супер-инфо» гезитинин жетекчиси Шаиста Шатманова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) суракка чакырылды. Бул тууралуу гезитке караштуу Super.kg порталы жазды.

Маалыматты Шатманова өзү «Азаттыкка» ырастап, буга «ЖМКны колдоо борборунун» сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган жаңылыш маалымат негиз болгонун айтты. Ал кабардын мазмунун ырастаган жок.

Шаиста Шатманова алар шартка байланыштуу Финполицияга дүйшөмбү күнү барууга макулдук беришкенин, калган жагдай ошондон кийин белгилүү болоорун айтты.

«Супер-инфо» гезитинин кожоюну, мурдагы элчи Кылычбек Султан да кыскача комментарий берип, муну «гезитти тартып алуу же оозун жабуу аракети болушу мүмкүн» деп билдирди.

Финполициянын басма сөз кызматкери Анастасия Пискур маалыматты тактап жатканын билдирди.

«ЖМКны колдоо борбору» - Бишкектеги өз алдынча басмакана. «Freeodom House» уюму тарабынан ачылган мекеме 2003-жылдан бери түстүү басылмаларды басып чыгарат. Сайты msc.kg деп аталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG