Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Бразилия: мектептеги ок атууда кеминде сегиз киши каза болду


Мектептеги ок атууда жарадар болгон өспүрүм ооруканага жеткирилген учур. 13-март, 2019-жыл.
Мектептеги ок атууда жарадар болгон өспүрүм ооруканага жеткирилген учур. 13-март, 2019-жыл.

Каза болгондордун кеминде бешөө окуучу, экөө мектептин кызматкерлери. Дагы ондон ашык адам ар кандай жаракат алды. Окуя Бразилиянын Сузано шаарындагы «Raul Brasil» мектебинде болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Ок аткандар 17 жаштагы Гильермо Монтейро менен 25 жаштагы Энрико де Кастро экени айтылды.

Маалыматка караганда, экөө тең мурда ушул мектепти бүтүргөн.

Бразилия полициясынын кызматкери Марсело Салестин айтымында, бычак, тапанча, балта жана жардыргыч зат куюлган бөтөлкөлөр менен куралданган эки киши 13-мартта эртең менен мектептин короосуна кирип келип окуучуларды көздөй туш келди ок атышкан. Андан кийин алардын бири шеригин, өзүн атып салган. ​

Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз. 17 жаштагы шектүүнүн энеси уулу мектепте коркутуп-үркүтүүгө кабылып жүргөнүн маалымдады.

Бразилиянын мектептеринде куралдуу кол салуулар буга чейин да болгон.

XS
SM
MD
LG