Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева Тажикстанда каза болгон адам тууралуу тажик чек ара мекемесинен расмий билдирүү келе элек экенин билдирди.
Анын айтымында, тажик тарап аларга милиция кызматкерлери жабыр тартканы жөнүндө гана кабар берген. Мерт болгон адам жөнүндө маалымат келсе, ал боюнча иликтөө жүрөт.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы «Азаттыктын» тажик кызматына маалымат берип, 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажик жараны каза болгонун билдирген. Маалыматта Хакимов кыргыз тараптан аңчылык куралдан атылган октон каза тапканы жазылган.
13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.
14-мартта да чек арада эки тараптан тең адамдар чогулуп турганы кабарланууда.
Кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө камданууда. Кечээ жана бүгүн облустук жетекчилердин жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде телефон аркылуу сүйлөшүүлөр өттү. (ErN)