Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Сириядагы аба соккуларынан ондон ашык жай тургун өлгөнү кабарланды


Сирия. Идлибдеги мектеп аткылангандан кийин. 30-январь, 2019-жыл.
Сирия. Идлибдеги мектеп аткылангандан кийин. 30-январь, 2019-жыл.

Сириянын Идлиб провинциясында Орусиянын аба соккуларынан кеминде 10 киши каза болгонун «Reuters» агенттиги козголоңчуларга, жергиликтүү тургундарга жана куткаруучуларга таянуу менен билдирди.

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салуу борбору 13 киши аба чабуулунун курмандыгы болгонун, анын алтоо балдар экенин, 60ка жакын киши жарадар болгонун кабарлады.

Укук коргоочулар орусиялык учактар 24 саат ичинде бир нече жолу бомба таштаганын, бул акыркы айларда Орусия урган эң катуу сокку болгонун айтышты.

Орусиянын аба күчтөрү Идлибдеги козголоңчуларды бутага алган. Бомбалоодо Идлиб шаарынын четиндеги түрмө талкаланып, абактагы ондогон киши качып кеткени маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-марттагы соккуларда экстремисттик топтордун биринин курал-жарак сактаган кампасы жок кылынганын билдирди. Москва жай тургундардын өлүмү тууралуу комментарий берген жок. Буга чейин мындай айыптарды четке кагып келген.

XS
SM
MD
LG