Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Баткен: Өкмөт башчылары чек арадагы абалды талкуулашты


Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода.
Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар абалды турукташтырууга даярдыгын билдиришти. Сүйлөшүүдө окуяны биргелешип иликтөөнүн зарылдыгы тууралуу айтылды.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгону айтылууда. Кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун келип, бири-бирине таш ыргыткан.

Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме жасап, жаңжал кыргыз тараптын айынан тутанганын жазды.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азим жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG