Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

Бишкек ЖЭБинде электр жабдуусунун иши үзгүлтүккө учурады


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 14-мартта электр жабдыктарынын иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Релейлик коргонуудан улам электр жабдуусу (шиналардын биринчи системасы 110 кВ) өчүп калды. Учурда негизги жабдуунун режими жарым-жартылай калыбына келтирилди. Окуянын себептерин териштирүү жүрүп жатат» деп билдирди басма сөз кызматы.

2018-жылдын 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG