Пакистан менен Индиянын расмий өкүлдөрү зыяратчылар үчүн чек арада визасыз режим киргизүү маселесин талкуулап жатышат.
Индиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Равиш Кумардын маалыматына караганда, эки тараптын сүйлөшүүлөрү 14-мартта чек арага жакын жердеги Аттари шаарында башталды. Ал эми пакистандык делегацияны жетектеген Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мухаммад Фейсал журналисттерге чек ара пунктун ачуу пикир келишпестикти достукка айлантуу максатын көздөй турганын билдирди.
Жолугушуу быйыл февралда Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө жанкечти өзүн жардырып, өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу болгондон кийин өтүп жатат.
1947-жылы Британиядан эгемендик алгандан бери Индия менен Пакистандын алакасы чыңалып турат. Алардын биринде эки тарап талаштуу Кашмир аймагы үчүн согушкан.
Индиядагы сикхи эли жыл сайын Пакистандагы ыйык деп саналган Гуру Нанак храмына зыяратка барышат.