Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

АРИСтин ишинде кемчиликтер аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасы Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн текшерип, бир катар кемчиликтерди аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, айылдарды таза суу менен туруктуу камсыз кылуу долбоорунун алкагында курулуш иштерине 6 миллион 493 миң сом негизсиз төлөнгөн. Бул акчанын жарымынан көбүнүн орду кайра толтурулган.

Кыргызстандын бийлиги 2023-жылга чейин бардык айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылууну көздөп жатат. Азырынча жүздөгөн айылдарда таза суу жок. (RK)

XS
SM
MD
LG