Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Жаңы Зеландияда мечиттеги кол салуудан бир нече киши курман болду


Жаңы Зеландиянын желеги.
Жаңы Зеландиянын желеги.

Жаңы Зеландиянын Крайстчёрч шаарындагы мечиттеги кол салуудан бир нече адам курман болду. Полициянын айтымында ок аткан адам качып кеткенге жетишкен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары атышуу Масжид ал-Нур мечитинде болгонун айтып, анда күбөлөр кеминде үч адам кансырап жерде жатканын көрүшкөнүн айтышкан. Күбөлөр кара кийимчен адам мечитке кирип барып, анда чогулган элди аткылай баштаганын айтышууда.

Жүздөгөн адам отурган мечиттеги атышуудан он чакты киши ар кандай жараат алган. Полиция шаар тургундарын үйдөн чыкпай турууга чакырган.

Азырынча өлгөндөрдүн так саны белгисиз. (KR)

XS
SM
MD
LG