Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Зайналиев «Апрель ТВга» каршы арызданды


Ашым (Хашим) Зайналиев өзүнүн мекемесинен кабарчыларды түртүп чыгарып жаткан учуру. 11-март, 2019-жыл.
Ашым (Хашим) Зайналиев өзүнүн мекемесинен кабарчыларды түртүп чыгарып жаткан учуру. 11-март, 2019-жыл.

Өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссияга кайрылды.

Комиссиянын маалыматына караганда, ал «Апрель ТВ» телеканалынын журналисттерине чара көрүүнү өтүндү.

Зайналиев өз арызында 11-марттагы окуяны баяндап, телеканалдын кабарчысы Юлия Кулешова анын аймагына мыйзамсыз, уруксатсыз кирип барганын, буга чейин да ошондой кылганын, ал тууралуу негатив маалыматтарды жарыялап жүргөнүн жазды.

Быйыл 11-мартта Интернетте Зайналиев «Апрель ТВнын» кабарчыларын кууп чыгып жаткан видео тараган.

Телеканал кабарчысы Кулешованын сөзүнө таянуу менен алар соттун чечими аткарылып жатканынан кабар алыш үчүн барганын, Зайналиевдин аракеттеринен кийин милицияга кайрылганын жазган.

12-мартта Зайналиев анын элди өз алдынча дарылашына тыюу салган райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

19-февралда Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын элди дарылашына, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш ишине байланыштуу Зайналиев 2018-жылдын 22-декабрында камакка алынган. Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин ага карата кылмыш ишин токтоткон. Зайналиев сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Эки жолу кылмыш иши козголуп, кайра жабылып калган. Министрлик ал кайрадан оор дартка чалдыккан бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскертип келет.

Бирок табыптын тарапкерлери анын колунан айыккан адамдар бар экенин айтып жүрүшөт. ​

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. 10 жылдан ашуун убакыттан бери маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия ыктыярдуу түрдө иштейт. Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Жетекчиси - юрист Шамарал Майчиев.

Комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет, юридикалык күчү жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG