Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Финполиция: «Супер-инфо» курулай актанып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) «Супер-инфо» гезити курулай актанып жатат деп эсептейт.

Бүгүн мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, быйыл январда бир жаран кайрылганын, ал «ЖМКны колдоо борбору» менен гезиттердин экономикалык ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнү суранганын билдирди.

Ал адамдын «гезиттин нускасы тууралуу сайтта көрсөтүлгөн маалымат менен гезиттин өзүндө жазылган сандын ортосундагы олуттуу айырмачылык» тууралуу арызы Бирдиктүү реестрге Жоруктар жөнүндө кодекстин 113-беренесинин («Коммерциялык же башка уюмда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде катталган.

«Сотко чейинки иликтөө учурунда «ЖМКны колдоо борборунун» башкы буюртмачысы «Компьютер пресс» ЖЧКсы («Супер-инфо» гезити) экени аныкталды, дал ушул гезит менен нуска боюнча айырмачылыктар бар экен» деп билдирди Финполиция.

14-марттта гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова Финполицияга суракка чакырылганы маалым болгон.

Маалыматты Шатманова өзү «Азаттыкка» ырастап, буга «ЖМКны колдоо борборунун» сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган жаңылыш маалымат негиз болгонун айткан.

«Супер-инфо» гезитинин кожоюну, мурдагы элчи Кылычбек Султан да кыскача комментарий берип, муну «гезитти тартып алуу же оозун жабуу аракети болушу мүмкүн» деп билдирген.

«ЖМКны колдоо борбору» - Бишкектеги өз алдынча басмакана. «Freeodom House» уюму тарабынан ачылган мекеме 2003-жылдан бери түстүү басылмаларды басып чыгарат. Сайты msc.kg деп аталат. (RK)

XS
SM
MD
LG